Menu

Видео – Өткөн бир сутканын ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан 19 кылмыш иши катталды

Бөлүшүү:

Өткөн бир сутканын ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан 19 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифингде билдирди.

“Акыркы бир сутканын ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан 19 кылмыш иши катталды. Ошол эле мезгилде шаардык жана райондук ички иштер бөлүмүнө 132 киши жеткирилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми коменданттык саат эрежесин бузуп Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 14 жаран кармалган. Жарандар менен тиешелүү мыйзам чегинде иштер жүргүзүлүп, протоколдор толтурулду. Жол коопсуздугу кызматы тарабынан жалпысынан бир сутка ичинде 132 автоунаа айып төлөөчү жайларга жеткирилди. Ал жерде дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан Жалал-Абад облусунун аймагында анын ичинде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коомдук саясий кырдаал жана криминалдык абал туруктуу”,- деди комендант.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: