Акыркы сутка ичинде Ош облусунда болгону 7 адам тартип бузгандыгы үчүн кармалды. Алардын ичинен эки адам мас абалда болгондуктан, аларга протоколдор түзүлүп, калган бешөөнө эскертүү берилип үйлөрүнө жиберилди. Жалпысынан, региондогу криминалдык жана коомдук-саясий кырдаал туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ош, Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ