Бир сутка ичинде коронавирус илдетин жугузуп алган медициналык кызматкерлердин саны 6 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Катталган 6 учурдун ичинен: Бишкек шаарында – 2, Нарын облусунда – 3, Ош облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча 191 медициналык кызматкер коронавирус инфекциясын жугузуп алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ