11-майдан тарта жалпыга маалымдоо каражаттары иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде өкмөттө өткөн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
“11-майдан баштап ЖМКнын редакциялары жана кеңселери ишин уланта баштайт. Кээ бир массалык маалымат каражаттары ушул күнгө чейин аралыктан иштеп жатышат. Бирок 11-майдан тарта кайрадан иштей турган уюмдардын катарына киргизилди”,- деди Асрандиев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ