“Коронавирус оорусунун жогорку чегине жеттик деп айтуудан алысмын” – деп билдирди бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн брифингде.
Анын айтымы боюнча, оорунун симптомдору байкалбай өтүп жаткан адамдар бар, ал жөнүндө билбегендер же өз ооруларын жашыргандар да бар.
“Ошондуктан изилдөө иштерин толугу менен жүргүзүшүбүз керек. Биз коронавирустун жайылышынын жогорку чегине жеттик деп айтуу азырынча кыйын” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Ал республикалык штаб өз ишин улантарын белгилеп, жарандарды штабдын бардык талаптарын аткарууга чакырды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ