Россияда акыркы бир суткада коронавирус илдетин жуктурган 105 бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдан орус ММКларына билдиришти.
Бүгүн, 29-апрелге карата Россияда коронавирус менен ооругандардын саны 5 миң 841 адамга көбөйүп, бейтаптардын жалпы саны 99 миң 399 адамга жетти. Ал эми вирустун кесепетинен 972 бейтап көз жумду.
Россия дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны боюнча 8-орунда турат.
Учурда дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион адамдан ашты. Алардын көпчүлүгү АКШда катталган. Бул өлкөдө 1 миллиондон ашык адам коронавирус илдети менен жабыркоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ