Казакстанда 4-майдан тартып кичи жана орто бизнестеги ишканалардын көпчүлүгүнө иштөөгө уруксат берилет. Мындай чечим 29-апрелде өлкө премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы алдында өткөн Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Чечимге ылайык, 4-майдан тартып ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:
-Аянты 500 чарчы метрден чоң болбогон азык-түлүк сатпаган дүкөндөр (17:00гө чейин иштейт);
-сүрөт салондору;
-гүл саткан жайлар;
-чач тарачтар (жазылуу боюнча);
-медициналык борборлор (жазылуу боюнча);
-стоматологиялык клиникалар (жазылуу боюнча);
-кыймылсыз мүлктөр менен иштеген компаниялар,
-жарнама агенттиктери;
-адвокаттар;
-нотариустар;
-микрофинансылык уюмдар,
-камсыздандыруу компаниялары;
-күрөөканалар;
-акча алмаштыруу жайлары;
-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында иштеген компаниялар.
Мындан тышкары 4-майдан тартып Казакстандын жашоочуларына көчөдө спорт менен машыгууга уруксат берилет.
1-майдан тартып Нур-Султан — Алматы багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт. 4-майдан кийин бул эки шаардан Кызылордо, Петропавловск, Усть-Каменогорск жана Семей шаарларына учактардын учуусуна уруксат берилет.
Казакстанда 15-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылган. 19-мартта Нур-Султан жана Алматы шаарлары, андан кийин дагы бир нече ири шаар карантинге жабылган.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 3 миңден ашып, 25 бейтап каза болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ