Кыргызстанда коронавирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 3086 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.
Республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын жалпы саны 864 адамды түздү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ