Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов дыйканчылыкты, мал чарбачылыкты колдоо боюнча өкмөткө сунуштары бар экенин айтты.
“Антикризистик программаны кабыл алуу өтө зарыл. Бул программаны кабыл алганга чейин бизде бир топ сунуштар бар. Бул ишкерликти, дыйкан чарбачылыкты, мал чарбачылыкты колдоо боюнча, жумуш орундарын сактап калууга байланыштуу. Өкмөттүн өкүлдөрү келсе, бул жерде ушул маселе боюнча кенен отуруп талкуулап анан кабыл алсак жакшы болмок. Ошону менен бирге ар кандай маселелер күн тартибинде турат, бул жерде депутаттардын суроосунун баары бүгүнкү кырдаал боюнча өкмөткө берилет. Ошого себеп күн тартибинен ар кандай маселелерди алып салып, ошонун ордуна жыйынга премьер-министрди чакырып, андан кийин алардын берген маалыматына карата суроо-жооп кылып талкуулап, элге маалымат берсек жакшы болмок”,- деди Мамытов.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ