“Курулуш компанияларына иштөөгө уруксат берилди, бирок усталар бригадалары Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көлдөн Бишкекке келе албай жатышат. Бул маселени да өкмөт чечиш керек”, – деп билдирди бүгүн, 30-апрелде депутат Камчыбек Жолдошбаев парламенттин отурумунда.
“Ун тартыш болот деп дүрбөлөң түштүк эле мына, Кыргызстанга 50 миң тонна ун келди эле бир кабы 1400 сомдон эч ким албай турат, тыгылып калды”, – деп кошумчалады Жолдошбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ