Menu

Видео – Алтынбек Сулайманов: “Кыргызстанда дарыгерлерге коронавирустун жугушуна премьер-министр күнөөлүү”

Бөлүшүү:

Дарыгерлердин коронавирустук инфекцияны жуктуруп алуусуна премьер-министр жана каржы министри күнөөлүү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

“Согушта 5 адамга 1 мылтык болсо, алар согуша алабы? Душман “кырып” койбойбу! Медициналык кызматкерлер экипировкасы жок, бейтап менен байланышта болсо, албетте ооруйт да. Буга ким күнөөөлүү? Буга премьер-министр менен каржы министри күнөөлүү” – деп билдирди депутат.

Анын айтымында, өкмөт өткөн жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетин кыскарткан.

“Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сиз былтыркы жылы бюджетти 1 миллиард сомго аткарган жоксуз. Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү акча каражатын алган жок. Ошон үчүн медициналык кызматкерлер ооруга чалдыкты. Бул премьер-министрдин жана каржы министринин күнөөсү” – деп билдирди депутат Алтынбек Сулайманов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дарыгерлердин коронавирустук инфекцияны жугузуп алуусу кылдат иликтенип жатканын жана ага компетенттүү адамдар баа бере турганын айтты.

“Азыркы айтып жаткан мүчүлүштүктөр болду. Туура эмес кийинип, кийимдин жетпеген учурлары болгондур, бирок, анын баарын тастыктап жатабыз. Кээде кийген кийиминен дагы жуккан учурлар болду. Экипировкасы жогорку деңгээлде болгон врачтар кайсыл жерден жугуп калганын билбей жатышат. Кээ бир жарандарыбыз каерден жугузуп алганын билбей жатат, же абадан келгенби (?) деген маселелер бар. Аны адистер кандай болуп жукканын тастыкташат деп ойлойм” – деп билдирди премьер-министр.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 746 учуру катталган, алардын ичнен 195 учурур дарыгерлердин арасында катталган.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: