Menu

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Михаил Мишустин

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге коронавирус жукканы белгилүү болду. Ушундан улам өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи-вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлдү.

Бул тууралуу Мишустин бейшемби күнү «Россия 24» каналынын эфиринде айтты.

Ал башкалардан обочодо болуп, ошол эле кезде өкмөт мүчөлөрү менен байланышта экенин билдирди. Мишустин орусиялыктарга кайрылып, өлкөдө киргизилген чектөөлөргө олуттуу кароого чакырды.

Соңку маалыматтар боюнча Орусияда коронавирус 106 миң 498  кишиге жукту. Илдеттен 1073 адам каза болуп, 11 619 киши айыгып чыкты. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын көбү Москва шаарында.

Орус бийлигинин божомолу боюнча эпидемиянын туу чокусу май айынын башына туура келет. Аптанын башында президент Владимир Путин өлкө боюнча эс алуу күндөрүн 11-майга чейин узарткан. Айрым аймактарда карантин жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: