Menu

Видео – Ош шаарынын мэри үйлөрүн ижарага берген адамдарга кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-майда онлайн-брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарандардан келген суроолорго жооп берди.

Анда мэрге: “Мен үч балам менен батирде турам. Кечээ кечинде үй ээси телефон чалып, үйдү бошотуп койгула деди. Мен үч балам менен кайда бараарымды билбей турам. Ушул маселени чечип берип койосузбу”,- деп бир жаран кайрылган.

“Өткөндө дагы ушундай суроолор болгон. Биз атайын кайрылганбыз. Азыр улуу рамазан айында турабыз. Көптөгөн биздин боорукер жарандарыбыз сооп иштерди кылып, канчалаган элдерге жардам берип жатышат. Кудайдын улуу күнүндө үйдүн ээси сиздерди үйдөн чыгарып жаткан болсо, анда аябай туура эмес иш кылып жатыптыр. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып үйлөрүн ижарага берген жарандарга кайрылат элем. Ушул жалпы Ош шаарында убактылуу батирлерде жашап жаткан жарандарга жакшылык кылып, эгер колдон келсе соопчулук иштерди кылсаңыздар жакшы болмок. Ал эми үч баласы бар энени үйдөн чыгарып жаткан жаранга кайрылсам, сизге ошончолук акча керек болуп жатса ушул жаран үчүн биз жардам берели. Биз жардам бергенге даярбыз. Дагы ушундай жарандар болсо, бизге кайрылсаңыздар биз үй ээлерин катуу көзөмөлгө алабыз. Алар кандай тартипте үйлөрүн ижарага берип, канча сомдон алып жатышат баарын текшеребиз”,- деди Сарыбашов.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: