Menu

Видео – Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Депутаттарды тандоо укугун партия лидерлеринен кайра ээсине – элге кайтарып берели”

Бөлүшүү:

Депутатты тандоо укугун ээсине – элге кайтарып берели.
Мен сунуштап жаткан шайлоо системасында эл саясий партияны жана анын тизмесиндеги талапкерди өзү тандаганга укук алат. Башкача айтканда, эл өзү тандаган талапкер депутат болгонго шарт түзүлөт. Жыйынтыгында чыныгы элдик лидерлер, кесипкөй, жаратман, билимдүү, акчалуу эмес, элдин ишенимине татыктуу болгон депутаттар шайланат. Тааныш-билиштикке, “золотой” түшүнүгүнө, жердешчиликке, кокустан багы ачылгандарга ж.б. терс көрүнүштөргө эшик жабылат.
1. Шайлоодо коррупция жоюлат, добуш сатып алуунун мааниси калбай калат. Тизмеде 120-катарда турган жөнөкөй мугалим, врач, жаш лидер болобу, элдин колдоосуна ээ болсо биринчи боло алат;
2. Тизмедеги ар бир талапкер шайлоочунун ишенимине киргенге аракет кылат. Депутат болуп келгенден кийин активдүү иштеп, жалпы элдик өкүлгө айланат;
3. Шайлоочулар шайлоо процессине, шайлоонун жыйынтыгына ишеним артат. Шайлоого элдин катышуусу жогорулайт;
4. Гендердик теңчилик сакталат, тизмедеги аялдардын добуштары өзүнчө саналып, аялдардын орду аял менен гана алмашылат;
5. Форма-2ни колдонуп, элди ары-бери ташуунун мааниси калбай калат;
6. Партиялар үчүн тизме түзүү да жеңил болот. Расписка жазып, ант берип, каргануунун кажети жок болот. Анткени добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тизмени эл аныктайт;
7. Бул сунушту ишке киргизүү үчүн ашыкча каражаттын кереги жок. Азыркы учурда шайлоодо колдонуп жаткан жабдыктар (АСУ) жетиштүү жана 1 барак бюллетень менен ишке ашырса болот.

Алтынбек Сулайманов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: