Түндө Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан 67 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бейтапта коронавирустан сырткары көптөгөн оорулары: эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому, баш мээсинде шишик, боордун циррозу, эксудативдик плеврит болгон. Каза болгон бейтап буга чейин узак убакыт дарыланып келген.
“Мындан тышкары, апрель айынын аягында Жайыл райондук аймактык ооруканада дарыланып, ошол жерден коронавирусту жугузуп алган бейтап менен байланышта болуп калган экен. Кийин вирусту жугузуп алгандан кийин эски өнөкөт оорулары күчөп, республикалык ооруканага которулгандан кийин абалы жакшы болбой, кайрадан оорулары өрчүп, медициналык аракеттерге карабастан, каза болуп калды” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Муну менен Кыргызстан коронавирустан каза болгон адамдардын саны 12ни түздү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ