Menu

Мирзиёев: Сардоба суу сактагычындагы кырсыкка күнөөлүү адамдар жазаланат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Сардоба суу сактагычындагы кырсыкка күнөөлүү адамдар мыйзам алдында жооп берет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 5-майда өткөн видеоселектордук жыйында билдирди.

«Кандайдыр бир божомолдор, ушактар болбошу керек. Менин тапшырмам менен укук коргоо органдары бейтарап тергөө иштерин башташты. Ишенип койгула, ээлеген кызматына карабастан бардык күнөөлүү адамдар жазаланат», — деди президент.

Мамлекет башчы Сырдарыя облусундагы суу каптоо Өзбекстан үчүн сабак болгонун, алдыда эл аралык эксперттердин катышуусунда өлкөдөгү бардык дамбалар экспертизадан өткөрүлөрүн кошумчалады.

Ушу тапта президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн тиешелүү адистери ГЭСтерди, плотиналарды жана башка гидроэнергетикалык курулуштарды текшерип жатканы кабарланууда.

Сардоба суу сактагычынын дамбасы 1-майдын таңында жырылып, аймакты суу каптаган. Сырдарыя облусундагы 22 калктуу конуштун 70 миңге жакын тургуну коопсуз жерге көчүрүлгөн. Кырсыктан кеминде төрт киши мерт болуп, бирөө дайынсыз жоголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: