Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетин жуктурган 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 15 адам;
– Ош шаарынан – 8 адам.
Республика боюнча коронавирус илдетинен жалпы 637 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ