Menu

Алмаз Атамбаевдин уулу жана тарапташтары Апрель окуясынын катышуучуларына ардак грамоталарды жана азык-түлүктөрдү тапшырышты

Бөлүшүү:

4-майда Кой-Таш айылында социал-демократтардын “Баатырлардын үмүтү” коомдук уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Буга чейин ЖМКлар бийликтин апрель революциясынын катышуучуларынын коомдук уюмдарын кантип бөлүп-жарганы жөнүндө маалыматтарды бир нече жолу жарыялаган. Ошол эле учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп келгендерге көңүл бурулбай жана жардам берилбей келгени айтылат.
“Ушуга байланыштуу, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү ушул коомдук уюмдардын мүчөлөрүнө апрель революциясынын баалуулуктарын сактоо жана үй-бүлөлүк-кландык режимдин кулатылышынын 10 жылдыгынын урматына карата ардак грамоталар менен сыйлоону чечишти. Бийлик көңүл бурбагандарга тамак-аш жана бир жолку материалдык жардам берилди” – деп айтылат маалыматта.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, “Баатырлардын үмүтү” коомдук уюмунун төрагасы Айчүрөк Камаева, Сейид жана Кадыр Атамбаевдер, КСДП саясий кеңешинин мүчөлөрү Темирлан Султанбеков жана Рита Борбукеева катышышкан.

Сейит Атамбаев чогулгандардын алдындө сүйлөп жатып, азыркы учурда Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн бардык эсептери камакка алынгандыгын, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн аздыгына карабастан, адамдарга дагы деле жардам көрсөтүлүп келе жаткандыгын баса белгиледи.

“Коронавирус инфекциясы жайылып жаткан мезгилде биз бийликти сындабаганга аракет жасадык, билдирүүлөрдү же нааразычылык акцияларын өткөргөн эмеспиз, ушул мезгилде биз саясий күч катары, элге оор абалдан чыгууга жардам берүүгө бел байладык, эч кандай пиар кылбастан, биз ар дайым, бардыгына мүмкүн болушунча жардам бердик, бирок бул муну менен чектелген жокпуз. ЖКдагы биздин депутаттар карапайым элдин кызыкчылыктарын активдүү коргошту. Карамат Орозова, Асель Кодуранова, Мурадил Мадеминов, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкинага өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алар карапайым элди коргоп, коркпой сүйлөп жатышат” – деп белгиледи Сейид Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: