Menu

Улуу Жеңишке 75 жыл: Дүйшөбай уулу Сатыбек 1944-жылы согуштан жарадар болуп, кайтып келип, 1945-жылы өзү суранып Япония менен согушка кайра кеткен

Бөлүшүү:

Улуу Жеңиштин 75 жылдык маарекесине утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, көп жыл бою мугалимдик кесипти аркалаган Сатыбек атабыздын ийгиликтери, эрдиктери тууралуу балдарынын эскерүүсүн сунуштайлы деп чечтик. Анда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызмат өтөп жаткан уулунун эскерүүсүнөн сунуштайбыз деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы:

«Атам Дүйшөбай уулу Сатыбек 1940-жылы Таш-Көмүр шаарындагы орто мектепти аяктап, Ак-Суу айылындагы  мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Ошол эле жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, алты жыл бою аскерде кызмат өтөдү. Анын бала чагы да, күрдөөлдүү эмгектин жүгүн көтөргөн күч убагы да, замандын каардуу жылдарына дуушар болуп, кан майданында такшалгандардын бири эле.
Пятигорск шаарында 9-чу мотострельковый дивизиясынын 142 аткычтар полкундагы жооркерлердин катарына кошулган. 1943-жылдын башында Махачкала шаарындагы аскер окуу жайынын кыскартылган курсун аяктап, кенже лейтенант наамына ээ болуп, офицерлердин катарын толуктаган.

Түштүк Украина фронтунун курамындагы аскер бөлүгүндө взводдун, ротанын командири, батальондун, батареянын командиринин орун басары милдеттерин аткарып, Оржоникидзе шаарынан салгылашууну баштап, Ростов-на Донуга келгенде жарадар болуп Тбилисинин госпиталында дарыланган. Ал бутунан оор жарадар болуп, 1944-жылы Уфа шаарында узак мөөнөт госпиталда жаткан.

Согуштун оргуштаган жалыны өчпөй, батышка багыт алып бара жаткан кезде атабыз Сатыбек Орто Азия аскер округуна жөнөтүлгөн. Ал Ташкенттеги аскер кызматкерлерин даярдоочу курсту бүтүргөн. Андан соң, Сузак райондук аскер комиссариатында бөлүм башчы болуп 1945-жылдын август айына чейин иштеген.

Анан экинчи ирет өз ыктыяры менен согушка аттанып, жапондорду тез арада жылас кылгандардын катарында болгон. Ошентип, ак булуттай табиятту атабыз кылган кызматына жараша коомчулуктун сыйына татып, 1946-жылы августа аскерден келген.

Атабыздын күжүрмөн эмгегин совет өкмөтү бийик баалап, 1944-жылы “Кызыл Жылдыз”, кийин биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйлаган. Бул аскердеги эрдигин даңктаган атабыздын сыйлыктары биз үчүн чоң сыймык.
Андан сырткары, турмуштун тууруна ынанып, атабыз саясат, чарбачылык, эл агартуу жааттарында дагы узүрлүү эмгек өтөдү. Бир топ жылдар бою колхоздун башкармасы, Жаңы-Жол райондук партия комитетинин инструктору болуп эмгектенди.

Андан кийин Аксуу айылындагы эң тунгуч, 1924-жылы Арстаналы Осмонбеков уюштурган мектепте ардактуу эс алууга чыкканга чейин мугалимдик кесипти аркалады. Көп жылдык асыл эмгеги үчүн Сатыбек агайга 1985-жылы СССРдин эл агартуусунун отличниги төш белгиси ыйгарылды. Ошондой эле ондогон медалдар менен сыйланган кадыр-барктуу, нарк нускалуу, калкына мээри төгүлгөн карыялардын катарын толуктап өмүр өтөдү.

Бүбүайым апа, Сатыбек ата дагы эл агартуунун кызматкери болгон. Булар үлгүлүү үй-бүлө болушуп, жашоодо шам чырактай нур чачып, айылдын көркү, асыл ойдун кенчи болуп өмүр сүрүштү. Алар 8 уул кыздарды тарбиялап, эрезеге жеткизип элине кошту. Урпактары дарыгерлер, инженерлер, жогорку окуу жайынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери болуп кыргыз элине ак дилинен кызмат өтөөдө»,- деп Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан уулу эскерди.

Ошондой эле, 2005-жылдан бери балдары спорттук мелдештерди жыл сайын атасынын жаркын элесине арнап 9-майга карата өткөрүүнү колго алышкан. Бул иш-чара өсүп келе жаткан жаш муунду мекенчилдикке жана дени сак жашоого үндөө максатында уюштурулуп жаткандыгын белгилеп кетсек болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: