Бүгүнкү күндө Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирусту жуктуруп алган 32 өспүрүм жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, кичинекей бейтаптардын арасында оор абалда жаткандар жок. “COVID-19 балдарда жеңил формада өтүп жатат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Ал ошондой эле, республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндөгү балдар которулганын айтып, алардын бардыгы медициналык көзөмөлдө жана алар ден соолугуна эч кандай коркунуч жок экенин кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ