Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 9-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с, күндүз айрым жерлерде 15-20 м / с чейин.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +20… +25,
Таласта түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +19…+24,
Баткенде түнкүсүн: +12… +17, күндүз: +22…+27,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +22…+27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +16…+21,
Нарында түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +16…+21,
Бишкекте түнкүсүн +12…+14, күндүз: +22…+24.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ