Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы райондук оорукананын дарыгерине карата 83-берене боюнча “Медициналык сырды ачыкка чыгаруу” боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштады. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
Анын айтымында, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну дарыгердин үстүнөн милицияга арыз жазган. Жергиликтүү тургундун айтымында, анын баласынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын дарыгер баарынын көзүнчө окуп берген.
“Мен уулумду ооруканага алып барганымда, эпидемиолог аларды оорукананын аймагына киргизбей койду жана изилдөөнүн жыйынтыгын баарынын көзүнчө окуп берди”,- деп баланын ата-энеси медициналык сырды ачыкка чыгарганы үчүн дарыгерди жоопко тартылышын суранышат.
Мурда дарыгерлер баланын ата-энеси кол салгандыктан милицияга арыз менен кайрылышкан.
Эки факты боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бала ооруканага жаткырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ