Учурда Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинин кызматкери коронавирусту кайдан жуктуруп алганы аныктала элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, инфекциянын булагын табуу максатында эпидемиологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат.
“Байланышта болгон 10 адам аныкталды.Үй-бүлөсүндө дагы 3 адам байланышкан. Бүгүнкү күндө бардык байланышта болгон адамдар текшерүүдөн өтүштү. Эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 931 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 658 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 12 жаран оорудан улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ