Menu

Кытайда Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан башка да 6 кыргыз автоном айылы бар

Бөлүшүү:

Кытай Эл Республикасынын СУАР (Синьцзян Уйгур автономдук району) Коомдук илимдер Академиясына караштуу Орто Азия институтунун орунбасар изилдөөчүсү Кайрат Токомбай уулунун билдирүүсүндө Кытайда Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан башка да 6 кыргыз улуттук автоном айылы бар. Бул тууралу бүгүн, 9-майда Кайрат Токомбай уулуна шилтеме берип журналист Жаңыл Жусупжанова жазып чыкты. Ага чейин тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин да Кытайдын Хотан аймагындагы Кең-Кыр кыргыз автоном айылы тууралу макалаларын жарыялаганы эсибизде.

Төмөндө Шинжандагы 6 кыргыз улуттук айылы тизмектелет:
1. Көк-Терек кыргыз улуттук айылы: Иле Казак автономиялуу облусунун Текес ооданында жайгашып, оодан борборунан алыстыгы 36 км. 1954-жылдын 2-айында бул жерде “Көк-Терек Кыргыз автономиялуу району” түзүлгөн. 1984-жылы Көк-Терек Кыргыз улуттук айылы болуп өзгөргөн. Кыргыздардын саны 7514 киши (1996-ж), бир оодан даражалуу кыргыз орто мектеп бар.

2. Шаты кыргыз улуттук айылы: Иле Казак автономиялуу облусунун Монгул-Күрө ооданында, оодан менен болгон аралыгы 82 км. Кыргыз, ханзу (кытай), уйгур, казак, монгул, хуйзу (дунган), өзбек жана татар сыяктуу 8 улут жашайт, бул жерде 5 улуттун тилинде сабак өтүлүүчү мектептер бар (кыргызча, ханзуча, уйгурча, казакча, монгулча). Кыргыздардын саны 1732 киши (1996-ж) .

3. Боз-Дөң кыргыз улуттук айылы: Аксуу аймагынын Он-Суу ооданында, оодан менен болгон аралыгы 110 км. 1985-жылы кыргыз улуттук айылы болуп түзүлгөн. Кыргыздардын саны 1876 киши (1996-ж) .

4. Жаман-Суу кыргыз улуттук айылы: Аксуу аймагынын Үч-Турпан ооданында, оодан менен болгон аралыгы 12 км. 1985-жылы кыргыз улуттук айылы болуп түзүлгөн. Кыргыздардын саны 1373 киши (1996-ж).

5. Көк-Жар кыргыз улуттук айылы: Кашкар аймагынын Таш-Коргон ооданында, оодан менен болгон аралыгы 21 км. 1985-жылы кыргыз улуттук айылы болуп түзүлгөн. Кыргыздардын саны 835 киши(1996-ж) .

6. Кең-Кыр кыргыз улуттук айылы: Хотан аймагынын Гума ооданында, оодан менен болгон аралыгы 100 км. Кыргыздардын саны 579 киши (1996-ж) .

Шинжандагы башка аймак, оодандарда бир аз сандагы гана кыргыздар жашайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: