Menu

ИИМ Кыргыз Республикасынын аймагындагы Өзгөчө кырдаалдын талаптарын аткарууга чакырат

Бөлүшүү:

11-майга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 00.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 38 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 36, Ат-Башы району – 2. Ош шаары жана Жалал-Абад шаары боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 5027 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын ичинен 4462 эркектер, 565 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди, алардын ичинен 3628 жаран эскертилип, 1399 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 384 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
Ички иштер министрлиги тарабынан көрүлүп жаткан бардык чаралар биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоого багытталган. Милиция кызматкерлери өзгөчө абал учурунда күн-түн иштешти жана өзгөчө кырдаал учурунда дагы ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын күчөтүлгөн тартипте улантышат. Өзгөчө кырдаал убагында Ички иштер министрлиги өзүнүн бөлүктөрү аркылуу коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өздук курамы өзгөчө кырдаалдын алкагында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө тартылды. Коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо жана ага жол бербөө максатында санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери медицина, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте нөөмөттө турушууда.
Бүт өлкө боюнча милиция кызматкерлери калк арасында алдын алуу иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында мобилдик топтор түзүлүп, кайгулдоо жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, санэпидстанция, ӨКМ менен биргеликте санитардык-карантиндик талаптардын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бардык обсервациялар күнү-түнү милициянын көзөмөлүндө турат. Калк жыш жайгашкан райондордун көчөлөрүндө санитардык коопсуздукту кармануу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Ички иштер министрлиги өлкө боюнча Өзгөчө кырдаалдын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу, сиздердин жана жакындарыңыздардын ден соолугун сактоо үчүн киргизилген эрежелер менен чектөөлөргө түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Ошол эле убакта чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз. Жалган маалыматтарды тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматты тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертебиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: