Menu

Кундуз Жолдубаева: “Алмаз Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев коронавирус жуктуруп алган окшойт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болууда. Иштин катышуучуларынын бири Кундуз Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысында коронавирустун белгилери бар экенин айтты.

Анын айтымы боюнча, Канат Сагымбаев үч күн мурун СИЗО-1 башкармалыгына кат жолдогон, бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес.

“Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда Канат Сагымбаев ооруп жаткандыгын билдирди. Анда коронавирустун белгилери бар. Ушуга байланыштуу биз тез арада чара көрүүнү жана камактагыларды коронавируска текшерүүнү талап кылабыз. Эгерде факты тастыкталса, ЖАМК жетекчилиги ооруну жашырганы үчүн жоопко тартылышы керек. Бул кылмыш” – деп билдирди Кундуз Жолдубаева.
Белгилей кетсек, буга чейин №1 тергөө изоляторунун кызматкеринде COVID-19 диагнозу аныкталгандыгы кабарланган. Ал ооруну кимден жана кантип жуктургандыгын азырынча аныктала элек. Ал менен байланышта болгондордун саны 13 адамды түздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: