Menu

Жогорку соттун алдында Азимжан Аскаровдун бошотулушуна каршылар чогулду

Бөлүшүү:

Жогорку сотто Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын кароого байланыштуу сот имаратынын алдында жыйырма чакты адам чогулду.

Алар Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан келишкенин, Июнь окуясында каза болгондордун туугандары экенин айтып беришти. Аскаровдун бошотулушуна каршы экенин, соттун өкүмү күчүндө калуусун талап кылып жатканын билдиришти.

Жогорку соттогу отурум саат 14:00гө белгиленген.

Чогулгандардын 10 өкүлү сот имаратынын ичине киргизилди.

25-февралдагы алгачкы сот отурумунда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиришкен. Сот прокурорлордун талабын канааттандырган. Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов прокурорлордун талабын «формалдуу туура» деп баалаган.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова сотко келгендерге район аралык сот президенттин 8-майдагы жарлыгы менен жоюлуп кеткенин маалымдаган. Азырынча арыз качан каралаары белгисиз.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат» деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кармалганга чейин Аскаров Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз жоруктарын ачыкка чыгарган.

Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кайра карап, Аскаровду эркиндикке чыгарууга чакырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: