Москвада эки кыргыз жараны Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлерине кол салышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгы аталган факты боюнча тергөө иш чараларын жүргүзүп жатат.
“Полиция элчилик кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурунда денелерине залал келтирүү фактысы боюнча эки арызын каттаган. Ошол себептен улам, Б.А. аттуу кыргыз жана Кыргызстанда төрөлгөн РФнын жараны М.А. карата РФнын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө” – деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанга кайтуу үчүн түзүлүп жаткан тизмесине киргизүү максатында Элчиликке кайрылган КРнын жарандары тарабынан Элчиликтин кызматкерлерин уруп-сабоо, кордоо сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынын коопсуздугун бекемдөө ниетин белгилейт.
Ошондой эле, Элчиликтин кызматкерлеринин өмүрүн жана ден-соолугун сактоо максатында, Элчиликтин имаратын кандайдыр бир басып кирүүдөн коргоо жана кызматкерлердин эркиндигине же кадыр-баркына шек келтирүүнүн алдын алуу үчүн, провокаторлорду жана күнөөлүүлөрдү Россиянын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен Элчилик РФнын Тышкы иштер министрлигине кайрылууга аргасыз болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ