Menu

Видео – Рыскелди Момбеков: “Эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы, Кубатбек Бороновго караганда Жоломан Шаршенбековду жакшы тааныйт”

Бөлүшүү:

“КР 2020-жылкы бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун барактап чыгып, таң калдым” – деп билдирди бүгүн, 14-майда депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын жыйынында.

Ал Жогорку Кеңештин бюджети 80 миллионго (10%), Башкы прокуратура – 15 миллион (2,6%), Каржы министрлиги 21 миллион сомго (4,6%), Өкмөт менен президенттин иш башкармалыгы – 2,5 миллионго (0,4%) кыскартылганын, маданият жана спорт тармагынын бюджети жарымынан кыскарганын айтып, нааразычылыгын билдирди.

“Эң кызыгы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинен 8 миллиард 400 миллиондун жарымын алып салыптырсыңар. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинин тең  жарымын алып салыпсыңар. Анда бизден Олимпиадага ким барат, Көчмөндөр оюндарына ким даярданат? Азыркы күндө эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы, Кубатбек Бороновго караганда Жоломан Шаршенбековду жакшы тааныйт. Бул бюджетти өзгөртө турган саясат эмес, бул бюджетти өзөртө турган саясат да. Ушундай да кыскартуу болобу? Эл бюджетте 30 млрд сом тартыштык боло турган болсо, жардамга 40 млрд сом келе жатат деп, ашып калган 10 миллиардын каяка саласыңар деп сурап жатат. Мен дагы ушул суроону бергим келет. Сырттан келген жардамдын суммасы бюджеттен түшкөн акчадан ашып түшүп жатпайбы. Анан эмне үчүн мындай кыскартууга баратасыңар?” – деп депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

“Кечээ мен өкмөт башчынын отчётун карап, таң калдым. Эки жылда эч нерсе кылбаган өкмөт азыр бир нерсе кылабы? 2 жылда бюджет аткарылган жок, үчүнчү жылда бюджет 30 миллиард сом кем баратат. Быйылкы жылы деле ушундай аракети менен жылдын этегинде элдин шоруна калат” – деп кошумчалады депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: