Menu

Видео – Иса Өмүркулов: “Таможня санариптештирилип, чек арадан эмне кирсе онлайн көрүп жатабыз, мурункудай көмүскөдө катып, андай-мындай кылып өткөргөн киши жок”

Бөлүшүү:

“2019-жылы экономикада стабилдүүлүк болгон экен, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн баары канааттандырарлык, өсүш 4,5% экен, инфляция 3,1%, экен – бул жакшы көрсөткүчтөр. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 16 миллиард сом көп жыйналган экен. Республикалык бюджет 13 млрд сомго көбүрөөк жыйналыптыр. Жол боюнча 434 км көп жасалган. Мунун баары жакшы көрсөткүчтөр”, – деп билдирди 13-майда парламентте КСДПчы депутат Иса Өмүркулов өкмөттүн 2019-жылга отчетун талкуу учурунда.

“Санариптештирүүнү жакшы жүргүзүп жатасыңар, мына кээ бирөөлөр “таможняга ишеним жок” деп айтып жатышпайбы, бирок бүгүн таможня санариптештирилип, онлайн түрүндө таможняга чек арадан эмне кирсе көрүп жатабыз, туурабы? Эч ким эч кимди алдаша албайт. Ошону көрсөтүп бербейсиңерби элге, көрсүн да, система кандай өзгөрдү… Мурункудай көмүскөдө катып, андай-мындай кылып өткөргөн киши жок деп. Киреше мынча деп. Ушундай маалымат жок үчүн анан жанагындай күмөн, мындайча айтканда туура эмес суроолор пайда болуп жатпайбы”, – деди Иса Өмүркулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: