Menu

Каныбек Иманалиев: “Өкмөттү мактап колдойбуз дегендерге колуна комуз берели, төргө чыгып мактасын”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-майда ЖКнын жыйынында Каныбек Иманалиев төрага Дастанбек Жумабековду буга чейинки спикерлерден үлгү алууга жана өкмөттүн адвокаты болбоого чакырды.

“Биз көптөгөн спикерлер менен иштештик. Бирок, сиз гана өкмөткө келгенде адвокат боло каласыз. Сиз өкмөттүн эмес, парламенттин төрагасысыз. Бардык мыйзам боюнча адвокат боло бересиз. Депуттардын айткандарынан туура жыйынтык чыгарыңыз. Депутатты эл шайлаган, ага залдан чыгып кет деп, эч ким айта албайт. Андай укук сизге берилген эмес. Өкмөт келгенде, сиз парламенттин позициясын колдошуңуз керек. Мыйзамды окуган жоксузбу, ага комментарий бербеңиз. Сапар Исаков премьер-министр болуп келгенде, менин сөзүмдү үзүп, Сапарды колдодуңуз эле. Ал азыр каякта отурат? Азыр дагы Абылгазиевди колдоп жатасыз” – деп төрагага кайрылды.

“Депутаттар өкмөттү мыйзам жазып колдойлу. Өкмөттү мактап колдойбуз дегендерге колуна комуз берели, төргө чыгып мактасын. Ошондон экономика жакшырабы? Бюджетти бир жылда эки жолу карайбыз. Сиз, ошондо дагы өкмөттүн позициясын колдойсуз. Буга чейинки иштеп кеткен спикерлерден үлгү алыңыз. Биз да кээде жаңылабыз, бирок улуу аксакалдардан үлгү алабыз” – деп кошумчалады депутат.

“Менин дагы сүйлөй турган укугум, сөзүм бар. Кайсы мыйзамга кандай сүйлөөрүмдү үйрөтө албайсыз” – деп жооп берди Дастан Жумабеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: