Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов Uzcard банк аралык төлөм системасынын 75% акциясына ээ болду.
Ачык маалымат булактарына ылайык, “Бирдиктүү жалпы республикалык процессинг борборунун” (Uzcard брендинин) башчысы алмашкан. Төлөм системасынын 75% үлүшүн Ойбек Турсунов алды. Буга чейин акциялар Uzcard брендинин директору Ахрор Махмудовго таандык болгон.
2019-жылы “Бирдиктүү жалпы республикалык процессинг борбору” 17 миллион банк карталарын тейлеген. Өзбекстанда 29 банк жана 40 төлөм агрегатору аталган компаниянын кызматынан пайдаланат.
Буга чейин Ойбек Турсунов ээлик кылган Promadik Invest компаниясы ”Капиталбанктын” 36% акциясын алганы кабарланган.
“Фергана” басылмасы 20-майдан тартып “Элдик банктын” Humo карталары Uzcard карталарына алмаштырыларын жазды.
Мурдараак Өзбекстандын Борбордук банкы менен Каржы министрлиги пенсияны жападан жалгыз “Элдик банк” аркылуу жеткирүү эффективдүү эмес экенин, мындан ары пенсионерлерге банкты өзүлөрү тандоого мүмкүнчүлүк берилерин маалымдаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ