“Нарын облусунун Ат-Башы районунда 15 медициналык кызматкерден коронавирус инфекциясы табылган. Алардын ичинен 14ү бейтаптар менен байланышта болуп, аларды тейлеп жатканда жугузуп алышкан” – деп билдирди бүгүн, 15-майда Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров онлайн-брифингде.
“Медициналык кызматкерлерди коргоо максатында өкмөт, облустук штаб каражат жөнөткөн. Бүгүнкү күндө каражат жетиштүү. Андан сырткары, ар бир медициналык мекеменин жетекчилерине медкызматкерлерге оорунун очокторуна барар алдында илдеттен сактануу жолдорун окутууну талап кылып жатабыз” – деп билдирди Нурбек Сатаров.
Белгилей кетсек, Нарын облусунда жалпысынан 163 адамдан вирус табылган. Алардын ичинен 77 учуру Ат-Башы районунда катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ