Menu

Татьяна Кузнецова, вице-мэр: “Бишкекте үй карантинине алынгандар коронавируска анализ тапшыруудан баш тартып жатышат”

Бөлүшүү:

Бишкекте карантинге алынган айрым тургундар коронавируска анализ тапшыруудан баш тартып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаарыны вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, Бишкекте үй карантининдеги адамдардын ден-соолугун көзөмөлдөөчү 20 мобилдик топ иштейт.

“Мобилдик бригадалар 110 очокто, калктуу конуштарда, шаардын борбордук бөлүгүндө жана кичи райондордо изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. 16-майга карата 400 короо текшерилип, 961 адам экспресс-тесттен өтүшкөн, бардык тесттин жыйынтыгы терс болду” – деп билдирди Татьяна Кузнецова.

Ал ошондой эле, жарандар коронавирустук инфекцияга тестирлөөдөн өтүүдөн баш тартып жатышканын белгиледи.

“Бригадардын иштешинен бери 113 үйдүн жашоочулары анализ тапшыруудан баш тарткан. Ал эми 99 үйдүн эшиги бек болгон” – деп кошумчалады вице-мэр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: