АКШ Орусияга өпкөнү жасалма дем алдыруучу 200 аппарат жөнөтүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу өкмөттүк документтерге шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка караганда, Калифорнияда өндүрүлгөн аппараттар Москвага шаршемби күнү жөнөтүлөт. Дагы 150 жабдууну 26-майда жеткирүү пландалууда.
АКШ өкмөтү аппараттарды сатып алып, Орусияга жеткирүү чыгымдары үчүн 4,7 миллион доллар коротот.
Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосунда коммерциялык каттамдар дээрлик жок болгондуктан, жабдуулар аскердик авиация менен жеткирилет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ