Menu

Видео – Соль-Илецкиден келип “Ганси” авиабазасындагы обсервацияда жаткандар дарыгерлердин талабын аткаруудан баш тартып, жаңжал чыгарып жатышат

Бөлүшүү:

АКШнын мурдагы “Ганси” авиабазасындагы обсервацияда жаткан жарандар башаламандык жаратып, ызы-чуу чыгарып жатышат. Бул тууралуу ал жактагы обсервацияда иштеген дарыгерлердин бири журналисттерге билдирген.

“Биз, дарыгерлер бул жерде болуудан коркуп жатабыз. Биз өмүрүбүздөн коркуп жатабыз” – деп билдирген дарыгер.

Бүгүн, 18-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде мурдагы америкалык “Ганси” базасындагы обсервациясында кырдаал курч бойдон калып жатканын ырастады.

Анын айтымында, Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандыктар дарыгерлердин талабын аткаруудан баш тартып, митинг өткөрүп жатышат. Бүгүн ооруга чалдыккандардын бардыгы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилет. Калганын үйдө карантинге коё берүү үчүн маселени чечебиз. Бир күндүн ичинде алардын арасында дагы 43 учур аныкталды. Ал эмне үчүн? Алар эрежелерди сактабагандыктан, дарыгерлерди укпай жатышат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: