Menu

Өткүрбек Жамшитов: “Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекеттен $111 млн уурдашкан, анын ичинен 100 миллион сомун Артыкбаев казынага төлөп берди”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-майда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Бакирдин Субанбеков Өткүрбек Жамшитовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана Тарых музейин реконструкциялоо ишинде келтирилген чыгымдын канчасы кайтарылып берилгендиги тууралуу суроо берди.

“Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишинде келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 111 миллион 252 миң 797 доллар же 5 439 727 482 сомду түзгөн. Тергөө убагында аталган сумманын 100 миллион сому Осмонбек Артыкбаев тарабынан акчалай төлөнгөн” – деп билдирди Өткүрбек Жамшитов.

“Тарых музейи боюнча канча акча төлөндү?” – деп тактады депутат.

Башкы прокурордун айтымында, Тарых музейин реконструкциялоо ишинде келтирилген материалдык зыян төлөнгөн эмес.

“Биздин экономиканын акыбалын көрүп жатасыз. Биздин милдет – келтирилген зыяндын ордун толтуруу. А биздики кандай? Кээ бири күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алат, кээ бири такыр эле албайт. Сотто аларга жаза мөөнөтү берилет, а зыяндын ордун толтуруу жок болуп калып жатат. Ошол жагына көңүл бурсаңыз” – деп депутат башкы прокурорго кайрылды.

“Бул кылмыш иштер көп убакыт өткөндөн кийин козголгон. Мүлктү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат” – деп билдирди Өткүрбек Жамшитов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: