Бүгүн, 18-майда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн-брифингде облус быйыл ички туризмди өнүктүрүүгө басым жасала турганын билдирди.
Анын айтымы боюнча, 2019-жылы туризм тармагына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, аймакка келген туристтердин жалпы санынын 83 пайызы Кыргызстандын жарандары, 14 пайызы КМШ өлкөлөрүнүн жарандары, 2 пайызы Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү жана 1 пайызы башка мамлекеттердин жарандары.
“Быйыл биз ички туризмди өнүктүрүүгө басым жасайбыз. Учурда пансионаттарда жана санаторийлерде оңдоо жана даярдык иштери жүрүп жатат” – деп билдирди Акылбек Осмоналиев.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда 13 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 10 адам оорудан сакайып, ооруканалардан чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ