Базар-Коргон районунда кечээ, 18-майда катуу шамал катталган. ӨКМдин маалыматына караганда, шамал көп кабаттуу үйдүн 12 даана темир чатырын учуруп кеткен. Мындан тышкары, Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырын дарак басып калган.
Куткаруучулар жеринде тактоо иштерин жүргүзүшүп, кулаган даракты коопсуз жайга жылдырып беришкен.
ӨКМ 19-20-майда да Кыргызстандын аймагында аба-ырайы туруксуз болорун, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал экенин эскертүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ