“Мамлекеттик чиновниктердин арасынан мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш иши 17 адамга козголду дедеңизби? Камалгандары барбы же жокпу?” – деп сурады бүгүн, 21-майда депутат Жанар Акаев парламентке отчёт берип жаткан башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон.
Өткүрбек Жамшитовдун айтымы боюнча, мыйзамсыз баюу боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реесрине 19 материал катталган.
“Бүгүнкү күндө камакта отургандар бар” – деди башкы прокурор.
“Мисалы, Зилалиев?” – деп сурады депутат.
“Ооба” – деди генпрокурор.
“Ошондо, Кыргызстанда жалгыз гана Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюу боюнча камалды да? Аскарбек Шадиев болсо качып кетти” – деп тактады Жанар Акаев.
“Ооба” – деди башкы прокурор.
“Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, бирок олигархка айланган чиновниктерге коомдо жек көрүү, ирээнжүү пайда болду. Ошондуктан, күч органдары демилгени колдон чыгарып, эл өзүбүз күрөшөбүз деп, чакырыктарга барган учурлар болуп жатат. Ошондуктан, силер демилгени алдырбай, мыйзам чегинде, ага катуу киришпесеңиздер болбойт. Анткени, бул учурда коомчулукта эң талылуу маселе болуп жатат” – деди Жанар Акаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ