Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Инстаграмдагы жаңы ачылган баракчасы @za_dzhumabekova кызуу талкууланып жатат.
Социалдык тармактар саясатчынын ушунчалык кыска убакта 100 миңден ашуун катталуучуну топтой ала турганына күмөн санап жатышат.
Factcheck.kg Твиттер колдонуучуларынын өтүнүчү боюнча төраганын жаңы профилин карап, иликтеп көрүүнү чечкен.
Белгилей кетсек, спикердин dastanbek_djumabekov_official деген ат менен катталган Инстаграмда эски баракчасы бар. Ал эми 2019-жылдын сентябрь айынан бери бул эсепке 1500 гана колдонуучу катталган.
Инстаграм социалдык түйүнүнүн жардамы менен, жаңы аккаунт биринчи пост жарыяланган күнү 1-мартта ачылганын көрсөк болот.
Профилди анализдөө үчүн, searchusers.com кызматын колдонуп, төмөнкү маалыматтарды табабыз:
жарыяланган сүрөттөрдүн жалпы саны (101);
жактыргандардын орточо саны (1 постко 1,5 миң);
пикирлердин орточо саны (1 постко 82 билдирүү).
Бул жерден профилде көбүнчө кайсы хэштегтерди колдонулаарын, кимди/эмнени эскергенин, ошондой эле эң көп жактырган жана комментарий калтырган басылмаларды тапса болот.
App.hypeauditor.com кызматы төраганын эң көп катталуучуну качан чогултканын аныктоого жардам берет:
Анын катталуучуларынын көпчүлүгү акыркы 4 жуманын ичинде катталган. Төрага инстаграмда популярдуу болгон ар кандай гивдерге катышкан-катышпаганын билүү үчүн, ар дайым ар кандай сынактарды өткөрүп келе жаткан эң популярдуу ырчы Анжеликанын профилин карайбыз.
Бул жерден ырчы @million_ot_anjeliki баракчасын жарнамалап жаткандыгын жана акчалай сыйлыкка ээ болуу үчүн, бул баракчага, ошондой эле анын “жазылуулар” бөлүмүндөгү бардык 169 демөөрчүсүнө катталуу керектигин көрүүгө болот.
Демөөрчүлөрдүн катарында биз Жумабековдун жана ошондой эле жогоруда айтылган жалпы жазылуучулары бар адамдардын баракчаларын таба алабыз.
Белгилей кетсек, алдыдагы шайлоого байланыштуу саясатчылар социалдык тармактарга чыгып, мүмкүн болушунча көп абонент чогултууга аракет кылып жатышат. Бирок, бул саясатчылардын тарапкерлеринин саны көбөйүп жатат дегенди билдирбейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ