Бүгүн, 24-майда сааат 12:10 чамасында КР Жогорку Кеңешинин экс-спикери Мукар Чолпонбаев коронавирус илдетинен жабыркап, ооруканада көз жумду. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.
Мукар Чолпонбаевден коронавирустун белгилери аныкталып, Республикалык жугуштуу ооруулар ооруканасына 5-майда жаткырылган. 12-майдан тарта абалы оорлогондуктан ИВЛ аппараты аркылуу дем ала баштаган.
Кечээ, 23-майда Чолпонбаев өзүн жакшы сезип калганы жарыяланган болчу.
Маркум быйыл 70 жашка чыккан.
Өлкө боюнча коронавирустан 15 адам көз жумду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ