Menu

Россия Тажикстандын жаранына энесинен ажыраган 4 баласынын жанына кайтып келүүгө уруксат берип, учак жалгыз жүргүнчүнү Душанбеден Москвага жеткирди

Бөлүшүү:

19-майда “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын учагы Душанбеден Москвага бир жүргүнчү менен учуп кеткен. Ал жүргүнчү – Тажикстандагы А. Джоми районунун тургуну Дилшод Нурматов.

Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, Россия бир гана Дилшодго төрт баласына кайтууга уруксат берген.

Москвада таксист болуп иштеген эмгек мигранты Дилшод Нурматов аялы менен балдарын Россияда калтырып, март айында ата-энесинен кабар алганы Тажикстанга келип, бирок карантинден улам чет өлкөгө чыга албай, ошол жерде калып калган. Анын жубайы апрель айынын аягында уул төрөп, 5-майда бөйрөк оорусунан улам каза болгон.

Тажикстандын элчилиги Россиянын бийликтеринен Дилшод Нурматовго энесинен ажыраган 4 баласынын жанына барып, аларды кароо үчүн Москвага кайтууга уруксаат берүүнү өтүнгөн.

Россия энесиз калган жетим балдарды эске алып, атасына Россияга кайтууга уруксат берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: