Menu

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху паракорчулукка айыпталып, соту башталды

Бөлүшүү:

Израилдин өкмөт башчысы, коррупцияга айыпталып жаткан Биньямин Нетаньяхунун соту 24-майда Иерусалимде башталды. Премьер сот имаратына кирип барып жатып, бул иш оппоненттери тарабынан атайлап уюштурулганын, тергөө “бурмаланганын” билдирди.

Нетаньяхуга өткөн ноябрда паракорлук, көз боёмочулук жана коомдун ишенимин жоготуу беренелерине ылайык иш козголгон. Бул – Израиль тарыхында кызматта отурган өкмөт башчынын үстүнөн алгачкы сот процесси. Бир жума мурун Нетаньяху бешинчи жолу премьер катары ант берди. Саясатчы өкмөттү 11 жылдан бери жетектеп, бул кызматты эң узак өтөгөн жетекчи болуп калды.

6-майда өлкөнүн Жогорку соту “коюлуп жаткан айыптарга карабай Нетаньяху кабинет түзө алат” деген бүтүм чыгарган.

Алты жыл мурда Израилдин мурдагы өкмөт башчысы Эхуд Олмерт пара алууга айыпталып, 16 ай абакта отуруп чыккан. Экс-премьер 2006-2009-жылдары кызматта тургандан кийин соттолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: