Улуттук онкология жана гематология боюнча борбордун балдар бөлүмүндө дагы 80 адамдан коронавируска анализ алынып, баарыныкы таза чыкты. Бул тууралуу 25-майда борбордун жетекчиси Эрнис Тилеков билдирди. Анын айтымында, учурда коронавирус жуккан балдардын жана аларды карап жаткан энелердин абалы жакшы.
“Балдардын абалы жакшы. Оорлогон учурлар жок. Негизги оорусуна байланыштуу дарылануусун алып жатышат. Мурдагы күнү 80 киши анализ тапшырды, баарыныкы таза чыкты. Бүгүн дагы 80ди алып жатабыз”.
Эскерте кетсек, 21-майда балдар онкологиясынын бөлүмүндө 8 баладан, 3 энеден, бир дарыгерден жана 2 медайымдан вирус табылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ