Menu

Видео – Коронавируска чалдыгып, 19 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан санэпидемдин кызматкери өмүрүн сактап калган дарыгерлерге ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери 19 күн реанимацияда, коронавирустук инфекция менен кантип күрөшкөнүн айтып берди.

“Мен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда иштейм. Коронавирустун очогу болгон аймакка жумушка чыккам. Ошол күнү жамгыр жаап, суук тийип калган. Бир күндөн кийин “Манас” айылындагы очокто кечки саат 20:30га чейин иштедик. Үйгө келгенден кийин дене табым көтөрүлдү. Алгачкы үч күндө өзүмдү-өзү дарылап жүрдүм, ар кандай дары-дармектерди сатып алып, жакшы болгонсуп калгам. Жумуштан 3 күнгө суранып эс алгам.

Андан кийин Кызыл-Аскердеги №1 ҮМБнын филиалына жергиликтүү терапевтке бардым. Ал жактан рентгенге түшүп, дарыгер пневмония деген диагноз койду. Үйгө келгенде, дене табыш 40 градуска чейин көтөрүлүп, жыгылып калдым. Келинчегим түндө №6 ооруканага алып барды. Ал жакта бир сутка жаттым. Андан кийин республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып кетишти. Ал жактан бир суткадан кийин жандандыруу бөлүмүнө жаттым. Анткени, такыр эле дем ала албай калдым, дене табым дагы аябай жогору болду. Жасалма дем алдыруучу аппаратта 3-4 сутка жаттым.

Дарыгерлер толугу менен жумушка берилишип, жакшы мамиле жасагандыгы үчүн мен аларга абдан ыраазымын. Анткени мен коронавирус менен ооруганда ажалдын ортосунда турдум. Ооруканадан чыгамбы же чыкпаймынбе деп дагы ойлондум. Бирок, бардыгы кесипкөй адистер экен. Чоң ырахмат! 19 күндөн кийин мени реанимациядан кадимки палатага которушту.

Кээ бирлери андай оору жок деп айтышат экен, бирок бул оору бар, мен өз башымдан өткөрдүм” – дейт санэпидемдин кызматкери.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: