Menu

Эртең Бишкектен Санкт-Петербург жана Москва шаарларына авиакаттам уюштурулат

Бөлүшүү:

Эртең, 26-майда, саат 16:05те, “Аэрофлоттун” Бишкек – ​​Санкт-Петербург – Москва каттамы боюнча учуусу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин сайтында жарыяланды.

Борттогу орундар төмөнкү жарандарга гана берилет:

– мамлекеттик кызматтар порталында катталган (Мамлекеттик кызмат порталынын ишеним телефону: +7 495 249 75 77);

– Москва, Санкт-Петербург шаарлыра, Москва, Ленинград, Белгород, Владимир, Иваново, Калуга, Рязань, Смоленск, Тверь, Тула, Ярославль, Брянск, Орел, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгород, Вологда, Кострома Ульяновск, Нижний Новгород, Пенза облустары жана Мордовия, Карелия республикаларына бара тургандар.

“Аэрофлот”, “Урал аба жолдору” жана “S7” каттамдарынын авиабилеттери кабыл алынат (буга чейин алынып, бирок колдонулбагандар да). Эгер билет жок болсо, аны учаардан мурун аэропорттон сатып алууга болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: