Бүгүн, 26-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды поезд менен кайтарып келүү сунушуна комментарий берди.
Анын айтымы боюнча, жарандарды поезд менен алып келүүгө бейөкмөт уюмдар дагы кызыкдар.
“Чет өлкөдөгү жарандарды поездге салып алып келгенде, бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, оору жуктуруп алуунун тобокелчилиги бийик болот. Бул биз колдобой турган меселе” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ