Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин ЖКнын 20-майдагы отурумунда радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензияны мыйзамсыз өткөрүп берүү тууралуу сүйлөгөндөн кийин гана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилген буйруктар жокко чыгарылат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
“Буга чейин маалымдалгандай, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузгандыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде эле сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөө учурунда 20-апрелде, т.а. депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн бир ай мурун Башкы прокуратура КР мыйзамдарынын бузулушун четтетүү боюнча сунуш киргизген. Жыйынтыгында, Мамлекеттик байланыш агенттиги 24-апрелде лицензияны узартуу жана радио жыштык спектрин колдонуу технологиясын өзгөртүү жөнүндө мыйзамсыз буйруктарды жокко чыгарган” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ