Москвада 1500дөй кыргызстандык мекенине учуп кетүү үчүн кезек күтүп турат. Алар ооругандар, кош бойлуулар жана кары-картаңдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, элчиликтин билдирүүсүндө бүгүн, 26-майда өлкөгө Москвадан 372 жаран алып келинди. Дагы 1500 киши кезекте турат. Алар негизинен ооругандар, кош бойлуулар жана кары-картаңдар. Учурда аларды чартердик каттам менен алып келүүгө аракеттер көрүлүп жатат.
Дипломатиялык өкүлчүлүк элдин чыдамы кетип жатканын эске алуу менен июнь айынын башынан баштап апта сайын чартердик каттамдар аткарыларын билдирет. Алар менен биринчи кезекте сөз болуп жаткан жарандар мекенине жөнөтүлмөкчү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ